ЮРИДИКАЛЫК КЛИНИКА
Юридикалык клиника 2017-жылдын 21-декабрында негизделген.
Юридикалык клиника КРЭАУ мекемесинин юридикалык факультетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Юридикалык клиниканын иштөөсүнүн негизги максаты – теория менен юридикалык практиканын байланышын чыңдоо.
КРЭАУнун Юридикалык клиникасы Кыргыз Республикасынын Юридикалык клиникалардын ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат.
Юридикалык клиника эки багытты ишке ашырат:
Юридикалык клиникага кирүү үчүн студенттер конкурстук тандоодон өтүшөт.
Менторлор баштаган студенттер акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Юридикалык клиниканын базасында илимий изилдөө, билим берүү жана социалдык мүнөздөгү иш-чаралар жүргүзүлөт.

Юридикалык клиниканын студенттери ар кандай иш-чараларга активдүү катышып турушат, 2021-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн республикалык сынакка Нурлан Кенжеев, Кубанычбек уулу Иска к, Рустам Галеев, Феликс Эсеналиевдер катышышып тастыктамаларга ээ болушкан.
3-курстун активдүү студенттеринин бири Нурлан Кенжеев 2021-жылдын апрель айында Адам укуктарын изилдөө борборунда адам укуктары боюнча киришүү тренингине катышты.
2021-жылдын 8-июнунда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга Юридикалык клиниканын 3- 4-курстун студенттери Нурлан Кенжеев, Малика Шайыкова катышып тастыктамаларга ээ болушкан.
  • БАЙЛАНЫШТАР
    • abiturient@mukr.kg
      • +996 312 61-36-46
      • +996 312 31-04-67
      • +996 312 61-37-18
        • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
    • РЕКВИЗИТТЕР
    • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
    • СИН: 01103199310054
    • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
    • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
    • Б/Э: 1091620057870186
    • БИК: 109016
    • SWIFT: ENEJKG22