1. Бир жумалыкты өткөрүүнүн максаты:
1.1 Студенттерге мамлекетти сүйүүгө, руханий баалуулуктарды, улуттук тарыхый эс-тутумду жана маданиятты билүүгө үндөө;
1.2 Студенттердин тапкычтык, жаратмандык, ишмердүүлүк сыяктуу сапаттарын ачуу жана илимий көз-карашын, көркөм-эстетикалык шыгын өнүктүрүү;
1.3 Студенттин мамлекеттик тилди окууда алган билимин практикалык жактан колдоно билүүсүнө өбөлгө түзүү;
1.4 Кыргыз тилинин кеп маданиятынын өркүндөшүнө өбөлгө түзүү;
1.5 Мамлекеттик тилди окутуу аркылуу өлкөбүздө жашаган башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз элинин баалуулуктарын таанытуу жана жайылтуу.
2. Бир жумалыкка катышуу шарттары:
2.1. Бир жумалык 2021-жылдын 15-сентябрынан 2021-жылдын 22- сентябрына чейин жүргүзүлөт. Бир жумалыктын алкагында онлайн жана офлайн түрүндө:
2.2. Макала, баяндама аудио-видео материалдарды жайылтуу;
2.3. Эссе , дилбаян, жат жазуу, дебаттарды ж.б. уюштуруу;
2.4. Сабаттуулукка арналган ар кандай иш- чараларды уюштуруу;
2.5 Бир жумалыктын алкагында жасалган иштер, өткөрүлгөн иш-чаралар ЖМК же социалдык тармактар аркылуу коомчулукка кенен жайылтылуусу шарт;
3. Бир жумалыкты жыйынтыктоо;
Иш-чараларга жигердүү катышкан студенттер окуу жай тарабынан сыйланат.