Жаш окумуштуулар кеңеши
Жаш окумуштуулар кеңешинин катчылыгы
  • Аскарбек кызы Бекайым
    Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы
  • Ормонова Алина Анарбековна
    Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары
  • Молдосанов Урмат Назаркулович
    Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары
  • Сасаза Алина Рашидовна
    Жаш окумуштуулар кеңешинин катчысы
Жаш окумуштуулар кеңеши жаш окумуштуулардын илимий демилгелерин колдоо жана өнүктүрүү, университеттин институттарында жана бөлүмдөрүндө жаш окумуштуулардын жана адистердин интеграцияланышына, алардын кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Кеңеш өз максатына жетүү үчүн илимий, билим берүү, социалдык жана социалдык-кесиптик өнүгүүгө, жаштардын чыгармачылык жактан өзүн-өзү ишке ашыруусуна, анын ичинде жождун илимий ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана жаш илимий кадрларды бекемдөө маселелеринде шарттарды түзүүгө багытталган бир катар милдеттерди чечет.

.
Кеңештин ишинин негизги максаттары:

- КРЭАУ жаш окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн илимий чыгармачылыгын интеграциялоо жана координациялоо;
- алардын илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- илимий иштеп чыгууларды ишке ашыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү;
- жаш окумуштуулардын эл аралык байланыштарын чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жаш окумуштууларга дем берүү боюнча сунуштарды жана чараларды иштеп чыгуу;
- алардын кесиптик өсүшү жана социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү.

Кеңештин милдеттери:

-жаш окумуштуулардын, КРЭАУнун изилдөөчүлөрүнүн илимий - изилдөө иштерин (мындан ары-ИИИ) координациялоо;
- жаш илимпоздорду илимий-изилдөө иштерине тартуу;
- жаш окумуштуулардын кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүүчү иш-чараларды уюштуруу (жаш окумуштуулар мектеби);
- Окумуштуулар кеңешинде, КРЭАУнун жетекчилигинде жана ар кандай комиссияларда (эксперттик, конкурстук, сыйлоо боюнча комиссиялар ж. б.) жаш окумуштуулардын өкүлчүлүктүү органынын функцияларын аткаруу;
- кесиптик ишмердүүлүктүн ар кандай аспектилери боюнча илимий жаштардын пикирин билдирүү;
-КРЭАУда жаштардын илимий долбоорлорунун конкурстарын, кароо-конкурстарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү уюштуруу ,
- КРЭАУнун жаш окумуштууларынын ар кандай эл аралык фонддор тарабынан өткөрүлгөн конкурстарга катышуусун уюштуруу;
- улуттук жана эл аралык конгресстерде, конференцияларда жана симпозиумдарда жаш окумуштуулардын илимий семинарларга катышуусун уюштуруу;
- жаш окумуштууларга гранттык колдоо көрсөтүүчү фонддор жөнүндө маалыматтарды КРЭАУда чогултууну жана таратууну уюштуруу;
- КРЭАУнун билим берүү программаларын ишке ашырууга катышкан жаш окумуштууларды сыйлоого сунуштоо;
- жаштардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү боюнча сунуштарды коюу менен кызматтык каттарды иштеп чыгуу жана окумуштуулар кеңешине жана ректорго берүү;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого жана жаш окумуштууларды конгресстерге, конференцияларга жана симпозиумдарга жөнөтүүгө колдоо көрсөтүүнү уюштуруу;
- КРЭАУнун мезгилдүү басылмаларынын чыгарылышына катышуу,
- биргелешкен иштерди жүргүзүү, өз ара пайдалуу байланыштар жана интеграциялык долбоорлор үчүн шарттарды түзүү максатында чет өлкөлүк жаш окумуштуулар менен байланыш түзүү;
-илимий, студенттик илимий конференцияларды, тегерек столдорду, брейн-рингдерди ж. б. уюштуруу.;
- ректорго кыйла активдүү жаш илимпоздорду жана адистерди Кеңештин милдеттерин аткаргандыгы же чечүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн материалдык жактан сыйлоого көрсөтүү;
- жаш окумуштуулардын конференцияларын уюштуруу жана өткөрүү, илимий эмгектердин жыйнактарын КРЭАУнун басмаканасына берүү;
- жаш окумуштуулардын жана адистердин жалпы билим берүү жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды (экскурсияларды, дарстарды) уюштуруу.

Биздин кабарлар
    БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР
    • БАЙЛАНЫШТАР
      • abiturient@mukr.kg
        • +996 312 61-36-46
        • +996 312 31-04-67
        • +996 312 61-37-18
          • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
      • РЕКВИЗИТТЕР
      • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
      • СИН: 01103199310054
      • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
      • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
      • Б/Э: 1091620057870186
      • БИК: 109016
      • SWIFT: ENEJKG22