БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Университеттеги билим берүү иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына, ошондой эле Болон келишиминин негизги жоболоруна ылайык уюштурулган. Муну менен университетти КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигине интеграциялоо үчүн шарттар түзүлүүдө.
Университет көп баскычтуу жогорку билим берүү системасын ишке ашырат:
Учурда бакалавриаттын 14 багыты, магистратуранын 7 багыты жана PhDнин 2 багыты боюнча даярдыктар жүрүп жатат.
Университетте Мамлекеттик жана коомдук башкаруунун жогорку мектеби(МКБЖМ) иштейт, анда кошумча кесиптик билим берүү, кесиптик кесипкөйлүгүн жогорулатуу, КРЭАУнун окутуучулары менен кызматкерлеринин педагогикалык, психологиялык жана методологиялык чеберчилиги, ошондой эле Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын программалары ишке ашырылат.
2016-жылы университетте Европанын (Болгария, Словакия, Италия, Швейцария, Латвия, Польша, Беларусь, Россия) жана Азиянын (Индия, Түркия, Кытай)чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен кол коюлган келишимдерге жана макулдашууларга ылайык кош дипломдор программасы ишке киргизилген
Үчүнчү муундагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык университетте ишке ашырылып жаткан жогорку билим берүүнүн негизги билим берүү программалары жөнүндө маалымат таблицада келтирилген.
  • БАЙЛАНЫШТАР
    • abiturient@mukr.kg
      • +996 312 61-36-46
      • +996 312 31-04-67
      • +996 312 61-37-18
        • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
    • РЕКВИЗИТТЕР
    • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
    • СИН: 01103199310054
    • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
    • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
    • Б/Э: 1091620057870186
    • БИК: 109016
    • SWIFT: ENEJKG22