Европалык илимий-өнөр жай палатасы европалык стандарттар (Academic Ranking of World Universities - European Standard) боюнча окуткан дүйнө жүзүнүн университеттеринин Глобалдуу академиялык рейтингин жарыялады. Ушул рейтинг боюнча “КЭАУ” Академиялык консорциуму ВВВ деңгээлин алды жана дүйнө жүзүнүн көрүнүктүү 400 университетинин катарына кирди.
Ошондой эле “КЭАУ” Академиялык консорциумуна Германияда "Status Н+" ыйгарылган, бул ушул өлкөдө бакалавр, магистр жана докторлордун (PhD) дипломдорун таанууну билдирет.
КЭАУ батыш кампусу эл аралык байланыштарды өнүктүрөт, чет өлкөлүк университеттерлин тажрыйбасын изилдейт жана билим берүүнүн сапатын заманбап талаптардын деңгээлинде камсыздайт. 2015-жылдан тарта ЖОЖдо Кыргызстан үчүн уникалдуу окутуу форматы – “Кош дипломдор” программасы иштеп жатат.
Студенттер “Кош дипломдор” программасы боюнча тиешелүү университеттин дипломун алуу менен европалык университеттерден билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Болгария, Чехия, Литва, Латвия, Словения, Польша, Швейцария, Түркия, Германия, Италия жана Россиядагы бир катар европалык университеттер, ошондой эле Индиянын университеттери менен келишимдерге кол коюлган, бул студентти окутуу үчүн кеңири тандоону камсыздайт.