Докторантуранын билим берүү программалары (PhD) Кыргыз Республиканын Эл Аралык университетинин Билим берүү концепциясынын жана Өнүгүү стратегиясынын түзүүчү бөлүгү болуп саналат. PhD программасынын максаты фундаменталдык илимий даярдыгы бар, заманбап маалыматтык технологияларга ээ болгон, анын ичинде тандалган илимий адистик боюнча илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруп жана жүргүзө билген, илимий маалыматты алуу, иштеп чыгуу жана сактоо ыкмаларына ээ болгон дүйнөлүк деңгээлдеги илимий кадрларды даярдоо болуп саналат.