Учебный отдел
  • Акматова Гулсайра Кадыркуловна
    Окуу бөлүмүнүн башчысы
  • Эсенбекова Гульзат Эсенбековна
    Студенттик курам боюнча адис
    Email:gulzat.esenbekova@mail.ru
  • Кулуева Элиза Калыбековна
    БМС менеджери
    Email: kuluevae@mail.ru
  • Муталипова Кымбат Рысбековна
    Студенттерди тейлөө боюнча инспектор
    Email: kymbat.mutalipova@mail.com
Окуу бөлүмү
Университеттин негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири. Окуу бөлүмү жогорку билим берүү программалары боюнча билим берүү процессин уюштуруу жана аны өркүндөтүүнүн шарттарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Окутуунун бардык формалары боюнча окуу процессин мерчемдештирүү жана уюштуруу, окуу жана окуу-методикалык иштер боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу, окуу процессин диагностикалоо, аттестациялардын жыйынтыктарын статистикалык иштеп чыгуу боюнча милдеттерди аткарат, студенттердин контингентинин кыймылы жөнүндө окуу жайдын жыйынды статистикалык отчетторун, окуу-методикалык иштер боюнча окуу жайдын жылдык отчетун түзөт.

Окуу бөлүмүнүн анын түздөн-түз катышуусу менен окуу мерчемдерин, окуу процессинин графиктерин даярдоо жана бекитүү боюнча бардык көйгөйлөр чечилет. Окуу бөлүмү оку жайды лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча документтердин топтомун даярдайт, университетти жана адистиктерди рейтингдик баалоо боюнча материалдарды даярдайт, профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүн мерчемдештирүүнү жана аткарууну көзөмөлдөйт.

Окуу бөлүмү өз ишинде факультеттер жана кафедралар, окуу-методикалык кеңеш, редакциялык-басма бөлүмү, маалыматтык-техникалык борбор ж.б. менен тыгыз байланышта иштейт
Окуу бөлүмүнүн ишинин негизги максаты
2012-2020 — жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясына ылайык кредиттик технологиянын негизинде жетекчи, профессордук-окутуучулук курамдын, окуу — көмөкчү, административдик – чарбалык персоналдын жана окуп жаткандардын биргелешкен ишмердүүлүгүнүн негизинде окуу процессин өркүндөтүү жана натыйжалуу мерчемдештирүү, уюштуруу, башкаруу жана көзөмөлдөө болуп саналат.
Окуу бөлүмүнүн иш багыттары:
  • окуу процессин учурдагы мерчемдештирүү, уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • окуу процессин регламенттеген ченемдик документтерди өркүндөтүү;
  • окуу жайдын негизги окуу документтерин иштеп чыгууда түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
  • университетте билим берүү программаларын жана окуу процессин ишке ашыруу боюнча отчеттуулукту түзүү;
  • профессордук-окутуучулук курам тарабынан окуу жүктөмүнүн мерчемделишин жана иш жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө;
  • студенттердин өздүк делолорун жүргүзүү жана билими тууралуу документтерди тариздөөнү уюштуруу;
  • окуу процессин башкаруу боюнча ректораттын чечимдерин даярдоо үчүн маалыматтарды талдоо, жалпылоо;
  • окуу процессинин жүрүшүн, экзамендик сессиялардын жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарын талдоо.
  • Талдоо жүргүзүү жана анкетанын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу.
Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
  • окутуунун бардык формаларынын окуу процессин мерчемдештирет, уюштурат жана көзөмөлдөйт;
  • студенттердин практикасын өткөрүүнү уюштурат жана көзөмөлдөйт;
  • окутуунун бардык формаларындагы студенттердин контингенти боюнча маалымат базасын түзөт жана коштойт;
  • окутуучу курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатууну мерчемдештирет жана уюштурат;
  • университеттин окуу ишмердүүлүгү маселелери боюнча отчеттуулуктун бардык түрлөрүн жүргүзөт;
  • факультеттерде баллдык-рейтингдик окутуу жана студенттердин жетишкендиктерин баалоо системасын киргизүү жана пайдалануу боюнча иштерди координациялайт;
  • окутуучулардын ишин рейтингдик баалоо жана дем берүүчү төлөмдөр фондунан эмгек акыга ай сайын үстөк белгилөө үчүн документтерди чогултууну жана текшерүүнү жүзөгө ашырат;
  • билим берүүнүн деңгээлдик системасына өтүү боюнча иштерди жүргүзөт;
  • окутуунун инновациялык технологияларын, активдүү жана интерактивдүү методдорун окуу процессине киргизүү мерчемин иштеп чыгат жана бул ишти координациялайт;
  • окуу жайды лицензиялоо жана аккредиттөө үчүн материалдарды чогултууну жана берүүнү жүргүзөт;
  • окутуучулардын эмгек тартибин сактоосун, студенттердин катышуусун үзгүлтүксүз текшерип турат, аудитордук фондду пайдаланууну эсепке алуу жана оптималдаштыруу, сабактардын жүгүртмөсүн көзөмөлдөө ж. б.
Документтер:
  • БАЙЛАНЫШТАР
    • abiturient@mukr.kg
      • +996 312 61-36-46
      • +996 312 31-04-67
      • +996 312 61-37-18
        • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
    • РЕКВИЗИТТЕР
    • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
    • СИН: 01103199310054
    • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
    • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
    • Б/Э: 1091620057870186
    • БИК: 109016
    • SWIFT: ENEJKG22