АСПИРАНТУРА, ДОКТОРАНТУРА ЖАНА ИЗДЕНҮҮЧҮЛҮК ИНСТИТУТУ
Биз жөнүндө:
Докторантура жана аспирантура дипломдон кийинки кесиптик билим берүү системасында даярдоонун негизги формалары болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети мекемесинде докторанттарды жана аспиранттарды даярдоо илимий адистиктер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы №327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырылат. Аспиранттар үчүн төмөнкү предметтер боюнча кандидаттык минимум экзамендерин тапшырууга даярдануу үчүн курстар уюштурулат жана өткөрүлөт: илимдин тарыхы жана философиясы, чет жана мамлекеттик тилдер. Конференцияларда, семинарларда, тегерек столдордо ж. б. изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын апробациялоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо 4 илимий адистик боюнча жүргүзүлөт:
Аспирантурага кабыл алуу үчүн документтери:
1. Абитуриенттин илимий адистигин жана окутуу формасын көрсөтүү менен аспирантурага кабыл алуу өтүнүчү менен КРЭАУ мекемесинин ректорунун атына арызы (күндүзгү же сырттан);
2. Кадр кызматынын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3. Кадрлар бөлүмүндө күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
4. Өмүр баяны;
5. Паспорттун көчүрмөсү;
6. Чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билими жөнүндө дипломдун (адистин дипломунун же магистрдин дипломунун) көчүрмөсү - алардын билими жөнүндө документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;
7. 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
8. Кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протокол же күбөлүк (которулгандар үчүн);
9. Тандалган илимий адистиги боюнча Киришүү рефераты көлөмү 20-25-бет.
Документтер байлоочу папкада берилет. Паспорт жеке өзү көрсөтүлөт.

Докторантурага тапшыруу үчүн документтер:
1. КРЭАУ мекемесинин ректорунун атына докторантурага кабыл алуу жөнүндө арыз;
2. Жогорку кесиптик билими жөнүндө адистин же магистрдин дипломунун көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн - алардын билими жөнүндө документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк), юридикалык илимдердин кандидатынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн дипломунун көчүрмөсү
3. Өмүр баяны;
4. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
5. Жарык көргөн илимий эмгектеринин тизмеси (активдүү шилтеме менен);
6. Юридика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертациянын кеңейтилген мерчеми;
7. Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
8. Паспорттун көчүрмөсү;
9. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.

Окутуунун мөөнөтү жана формасы:
Аспирантурада окуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- күндүзгү формада (3 жыл).
- сырттан окуу формасында (4 жыл).
Докторантурада окуу 5 жыл.

Аспирантурага, докторантурага жана изденүүчүлүк институтуна кабыл алуу жыл сайын 1-октябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт

Аспирантурага кабыл алуунун бардык суроолору боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Чүй пр. 255, Батыш кампусу, каб. 104, аспирантура бөлүмү.
Нургуль Женишевна Чыныбаева.
+996 (559) 101-842
chynybaeva.nurgul.j@gmail.com
  • БАЙЛАНЫШТАР
    • abiturient@mukr.kg
      • +996 312 61-36-46
      • +996 312 31-04-67
      • +996 312 61-37-18
        • 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 255
    • РЕКВИЗИТТЕР
    • "Кыргыз Республикасынын эл аралык университети" мекемеси
    • СИН: 01103199310054
    • ИУЖРК: 20326620 002 Ленин району
    • Банк: Бишкек ш. "Оптима Банк" ААКнын №5 филиалы
    • Б/Э: 1091620057870186
    • БИК: 109016
    • SWIFT: ENEJKG22