Чыгыш таануу кафедрасы 2016-жылы түзүлгөн. Окуу процессин жогорку кесипкөйлү адистер – тарыхый, саясий жана философиялык илимдердин докторлору жана кандидаттары, ошондой эле Чыгыш тилдеринде сүйлөгөн чет элдик окутуучулар камсыз кылышат.
Билим берүү программасы аркылуу студенттер Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы, маданияты, диндери, философиясы, экономикасы, эл аралык мамилелери жана тышкы саясаты боюнча фундаменталдык билимге ээ болушат.
Кафедранын жамааты окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштерди алып барат. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы эл аралык, республикалык, ЖОЖдор аралык мүнөздөгү конференцияларга, семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышат.
Студенттерди кесипкөйлүү даярдоо-биздин кафедранын башкы максаты. Факультетте окутуу биздин өлкөдө кабыл алынган мамлекеттик стандарттардын негизинде студенттердин теориялык жана практикалык даярдыгын айкалыштыруу менен жүргүзүлөт.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын консультацияларынын графиги